Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 29 токтомуна)
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын (мындан ары - Мамлекеттик стратегия) жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Коррупцияга каршы пропаганданы жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу Мамлекеттик стратегияда негизги милдеттер катары белгиленген, аларды натыйжалуу ишке ашыруу коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу аркылуу коррупцияны азайтуу, коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү жана кесепеттерин жоюу, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына ишенимин жогорулатуу жана коомдо коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө атмосферасын түзүү үчүн зарыл.
Өлкөдө коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу процессинде бул багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу борбордук мааниге ээ, анткени жарандардын укуктук маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээли дал ушул сапаттуу укуктук саясаттан жана пропагандадан жана жалпысынан бул тармакта коррупцияга каршы саясатты жана реформаларды жүргүзүүнүн ийгиликтүүлүгү көз каранды.
Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу коррупцияга каршы саясатка карабастан коррупция мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, туруктуу экономикалык өсүүгө жана жашоо-тиричиликтин деңгээлин сапаттуу жакшыртууга тоскоолдук жаратып, мамлекет жана коом үчүн кыйла коркунучтуу көрүнүштөрдүн бири бойдон калууда.
Коррупциялык көрүнүштөр мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө (саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, транспорт, курулуш, жер-укуктук мамилелери жана башка чөйрөлөр) турмуш-тиричилик деңгээлинде байкалууда.
Практика көрсөткөндөй коомдо коррупциялык жүрүм-турумдун кандай болбосун формасына жол бербөөгө негизделген туруктуу коррупцияга каршы маданиятты калыптандырмайынча бул кырдаалды өзгөртүү мүмкүн эмес.
Бул Программа калктын укуктук сабаттуулугунун өсүшүн камсыз кылуучу маалыматтык-коммуникациялык жана билим берүү иш-чараларынын бирдиктүү жана туруктуу системасын түзүүгө, коомдо коррупцияга жол бербөө маданиятын калыптандырууга, коррупцияга каршы ишке жарандык катышууну кеңейтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун чыңдоого, мамлекеттик бийлик институттарына коомдун ишенимин жогорулатууга багытталган.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы пропаганда мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты трансформациялоо, стратегиялык багыттарды жана коррупцияга каршы туруунун институционалдык архитектурасын өзгөртүү шартында өнүккөн.
Көрсөтүлгөн мезгилде коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин калыптандырууга, укуктук маданиятты жогорулатууга жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган маалыматтык-түшүндүрүү жана агартуу мүнөзүндөгү чараларды камтыган коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтер кабыл алынып, ишке ашырылды.
Ушуну менен бирге коррупцияга каршы пропаганда каралган мезгилде көбүнчө фрагментардык мүнөзгө ээ болгон жана коомдук маанайды, жүрүм-турум моделдерин туруктуу өзгөртүү боюнча коюлган максаттарга жетүүнү ар учурда камсыз кыла алган эмес.
Мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын жана жаштардын катышуусунда тематикалык декадаларды, форумдарды, тегерек столдорду, ачык лекцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү практикасынын кеңейиши коррупцияга каршы пропаганда чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктер катары белгиленет. Жетишилген натыйжаларга карабастан коммуникациялардын жетишсиз натыйжалуулугу, коррупцияга каршы пропаганда жаатында бирдиктүү коммуникациялык стратегиянын жана мамлекеттин макулдашылган билдирүүсүнүн жоктугу сыяктуу бир катар системалык көйгөйлөр сакталууда.
Ар түрдүү мамлекеттик органдардын иш-чаралары көп учурда жалпы приоритеттер жана максаттуу аудиториялар менен так байланышы жок, өз-өзүнчө ишке ашырылып келген.
Коррупцияга каршы пропаганда көбүнчө даталуу күндөргө жана бир жолку акцияларга байланыштуу активдештирилет, бул анын үзгүлтүксүздүгүн жана системалуулугун камсыз кылбайт.
Мамлекеттик институттарга коомдук ишенимдин уланып келе жаткан жетишсиздиги калктын коррупцияга каршы билдирүүлөрдү жана демилгелерди мазмунуна карабастан кабыл алуусунун натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет.
Иш жүзүндө коррупцияга каршы пропаганданын коррупциялык тобокелдиктердин деңгээлине, жарандардын укуктук аң-сезимине жана коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүгө даярдыгына тийгизген таасирин объективдүү баалоого мүмкүндүк берген туруктуу көрсөткүчтөр жок.
Системалуулуктун, коммуникациянын бирдиктүү стандарттарынын жана натыйжалуулуктун өлчөнүүчү көрсөткүчтөрүнүн жоктугу коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин калыптандыруу жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатуу стратегиялык максатка жетүүгө толук кандуу мүмкүндүк бербейт.
Түзүлгөн кырдаал коррупцияга каршы пропаганданы башкарылуучу, натыйжага багытталган жана үзгүлтүксүз процесс катары андан ары өркүндөтүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат, ал коррупцияга каршы күрөшүүнүн жалпы системасына интеграцияланган.