Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 191
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин альтернативдик кызмат өтөө жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21, 32-беренелерине шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510 «Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Мобилизациялык резервдин жыйындары (мындан ары – жыйындар) – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында тынчтык жана согуш мезгилинде пайдалануу үчүн аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо максатында өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси.
Жыйындар төмөнкүлөрдү карайт:
– жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызматты өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызматты өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары – жарандар) үчүн – 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү жана узактыгы отуз күндүк аскердик жыйындардан өтүүнү;
– жогорку билими бар, отуз жашка чейинки курактагы, биринчи категориядагы запаска каттоого кабыл алынган аскерге милдеттүүлөр үчүн (мындан ары – аскерге милдеттүүлөр) – 700 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү жана узактыгы отуз күндүк аскердик жыйындардан өтүүнү.»;
– 18-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жыйындарга чакырылууга жарактуу деп таанылган жарандар жана аскерге милдеттүүлөр белгиленген акчалай төгүмдү төлөгөндөн кийин жекече каттоо журналы боюнча эсепке алынат.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: