Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 16/3
Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча
башкармалыгына административдик имаратын куруу үчүн жер аянт бөлүү жөнүндө
Кочкор айылынын Б.Исакеев көчөсүнүн 84/4 дарегинде жайгашкан 2534,62 чарчы метр жер аянтынан Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгына административдик имаратын курууүчүн 1500,0 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүүнү сураган айыл өкмөтүнүн кайрылуусун жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Б.Исакеев көчөсүнүн 84/4 дарегинде жайгашкан 2534,62 чарчы метр жер аянтынан Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгына административдик имаратын курууүчүн 1500,0 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Р.Жолдошбеков |