Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 16/4
Таштанды чыгаруунун тарифтик өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Таштанды чыгаруунун тарифтик өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгы келип чыккандыгы тууралуу «Кочкор» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Аситовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ормон-Хан айыл аймагынына караштуу айылдарынан таштанды чыгаруунун тарифтикөлчөмү бир кожолукка бир айга 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына жана «Кочкор» муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |