Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 16/5
Муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын балансында турган 2024-жылы өндүрүштөн чыккан «Нива-Легенда» үлгүсүндөгү авто унааны Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макулдук берүү туралуу “Кочкор” муниципалдык ишкананын директору А.Аситовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын балансында турган 2024-жылы өндүрүштөн чыккан «Нива-Легенда» үлгүсүндөгү авто унааны Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |