Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна )
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жол-жоболору жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыккан жана эсепке алуунун бирдиктүү жол-жоболорун белгилейт, ошондой эле мамлекеттик финансы статистикасынын эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчеттун курамын, аны даярдоо тартибин, консолидациялоону жана тапшырууну регламенттейт.
2. Бюджеттик мекемелер бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) менен макулдашуу боюнча ички пайдалануу үчүн ушул Нускамада каралбаган кошумча отчетторду иштеп чыгууга укуктуу.
3. Ушул Нускаманын максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту түзүүгө тийиштүү терминдер Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында колдонулуучу мааниде пайдаланылат.
2-глава. Эсепке алуу тартиби
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу боюнча бардык киреше жана чыгаша операциялары казыналыктын эсеп китептеринде (мындан ары - КЭК) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом жана тыйын) "IS:Kazna.Бюджет" автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - автоматташтырылган система) эсепке алынат. КЭК эки бөлүктөн турат: аналитикалык жана синтетикалык. Аналитикалык бөлүктө финансылык операциянын деталдары камтылат: операция жүргүзүү датасы, аталышы, төлөм инструментинин числосу жана датасы, операциянын сыпатталышы. Синтетикалык бөлүгү дебет, кредит, баланс жана корреспонденттик эсепти камтыйт.
5. КЭКте Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу боюнча операцияларды эсепке алуу кош жазуу методунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
Операциялык күн аяктаганда КЭКте автоматтык режимде бир күндүк жүгүртүүлөр жана калдыктар чыгарылат, ошондой эле бир айдагы жана жылдын башынан тартып өсүү жыйынтыгы менен жүгүртүүлөрдүн жыйынтыктары эсептелет.
6. КЭКтеги жазуулар баштапкы эсепке алуу документтеринин (кассалык чыгашага өтүнмө, төлөм тапшырмасы, банктык көчүрмө, казына аралык жана ички казыналык тапшырма) негизинде автоматташтырылган системада түзүлөт.
Автоматташтырылган системада түзүлгөн КЭКте камтылган маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле алардын өз убагында жана тийиштүү түрдө жүргүзүлүшү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - аймактык бөлүм) жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери функциялык милдеттерине ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Ар бир аймактык бөлүм жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү Башкы китепти автоматтык системада жүргүзүүгө тийиш (ушул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелери).
Башкы китеп КЭКтен суммалык эсепке алуу маалыматтарын камтыйт, анда дебет жана кредит боюнча бир күндүк жүгүртүүлөрдүн суммалары балансталууга тийиш.
Башкы китеп КЭКтин жазууларынын негизинде автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт жана толтурулат. Башкы китептеги жазуулар баланстык теңдештикти туруктуу сактоо менен кош жазуу методу аркылуу жүргүзүлөт. Башкы китеп бардык КЭК боюнча кийинки күндүн башталышына карата калдыктарды чыгаруу менен күн сайын толтурулат.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткарууну эсепке алуу максатында автоматташтырылган системада төмөнкүдөй КЭКтер түзүлөт, алардын маалыматтарынын негизинде Башкы китеп түзүлөт:
- "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
- "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК;
- "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК;
- "Жергиликтүү (бөлүштүрүлбөгөн)" КЭК;
- "ММКФнын негизги эсеби" КЭК;
- "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" КЭК;
- "Соцфонддун негизги эсеби" КЭК;
- "Соцфонд (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
- "Кирешелер (республикалык жана жергиликтүү)" КЭК;
- "Кирешелер (ММКФ)" КЭК;
- "Кирешелер (Социалдык фонд)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар бардыгы (түшүүлөр - республикалык жана жергиликтүү)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - жергиликтүү)" КЭК;
- "Атайын каражаттар (республикалык - бардыгы)" КЭК;
- "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК;
- "Атайын каражаттар (жергиликтүү - бардыгы)" КЭК;
- "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК;
- "Атайын каражаттар (ММКФ - бардыгы)" КЭК;
- "Атайын каражаттар (ММКФ -учурдагы)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФнын атайын каражаттары)" КЭК;
- "Депозиттик эсептер (республикалык)" КЭК;
- "Депозиттик эсептер (жергиликтүү)" КЭК;
- "Депозиттик эсептер (ММКФ)" КЭК;
- "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" КЭК;
- "Аныкталбаган суммалардын эсеби - С" КЭК;
- "Которуу (АБ-АБ) - Б" КЭК;
- "Которуу (АБ-АБ) - С" КЭК;
- "Которуу (АБ-БК) - Б" КЭК;
- "Которуу (АБ-БК) - С" КЭК;
- "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
- "Которуу (БК-АБ) - С" КЭК;
- "Накталай эсептер (БМ-АБ) - Б" КЭК;
- "Накталай эсептер (БМ-АБ) - С" КЭК;
- "Накталай эсептер (БМ-БК) - Б" КЭК;
- "Накталай эсептер (БМ-БК) - С" КЭК;
- "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
- "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
- "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
- "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
- "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
- "Каражаттарды жайгаштыруу" КЭК;
- "Электрондук төлөмдөр" КЭК;
- "СКМ (БМ-АБ)" КЭК;
- "СКМ (БК-АБ)" КЭК;
- "Которулган жана салыштырып текшерилген баланстар - Б" КЭК;
- "Которулган жана салыштырып текшерилген баланстар - С" КЭК;
- "Эсептерди салыштырып текшерүү" КЭК.
Эскертүү. КР ФМ БК - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Борбордук казыналык - БК); АБ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмү; КР УБ - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; БМ - бюджеттик мекеме, ММКФ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Соцфонд - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
9. Бюджеттердин түрлөрү боюнча эсепке алуу жүргүзүлгөн КЭКтерде төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: "Жергиликтүү бөлүштүрүлгөн" КЭК - республикалык маанидеги шаардын бюджети, облустук маанидеги шаардын бюджети, райондук бюджет, райондук маанидеги шаардын бюджети, айыл өкмөтүнүн бюджети; "Кирешелер" КЭК - республикалык бюджет, республикалык маанидеги шаардын бюджети, облустук маанидеги шаардын бюджети, райондук бюджет, райондук маанидеги шаардын бюджети, айыл-өкмөтүнүн бюджети.
Башкы китептин "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" графасында "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн (республикалык маанидеги шаардын бюджетинин негизги эсеби)", "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн (облустук маанидеги шаардын бюджетинин негизги эсеби)", "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн (райондук бюджеттин негизги эсеби)", "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн (райондук маанидеги шаардын бюджетинин негизги эсеби)" жана "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн (айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсеби)" КЭКтерден суммалык маалыматтар чагылдырылат.
10. Отчеттук жылдын аягында КЭКти жабуудан кийин пайда болгон (аймактык бөлүмдөрдүн жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдүн өзүнчө Башкы китептери боюнча) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКтен, "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" КЭКтен, "ММКФнын негизги эсеби" КЭКтен, "Соцфонддун негизги эсеби" КЭКтен бюджеттик каражаттардын, "Атайын каражаттар (республикалык жана жергиликтүү - учурдагы)", ММКФ КЭКтен, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар, ММКФ КЭКтен атайын каражаттардын (казыналыктын атайын эсептеринде эсепке алынуучу каражаттар), "Депозиттик каражаттар", ММКФ КЭКтен депозиттик суммалардын калдыктары, ошондой эле "КР УБдун негизги эсеби" КЭКтен, "Которулган жана салыштырып текшерилген баланстар" КЭКтен жана "Эсептерди салыштырып текшерүү" КЭКтен калдыктар финансылык жылдын башында Башкы китепке көчүрүлөт.
11. Түзүмдүк бөлүм тарабынан (түзүмдүк бөлүмдүн деңгээлиндеги бардык жазуулар) түздөн-түз жүзөгө ашырылуучу киреше жана чыгаша операцияларынын типтүү бухгалтердик жазуулары:
1) Бирдиктүү казыналык эсеп (мындан ары - БКЭ) аркылуу түз учурдагы кирешелердин түшүүсү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер (республикалык)" КЭК;
Дебет "Кирешелер (республикалык)" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
2) БКЭ аркылуу финансылык эмес жана финансылык активдерди сатуудан жана милдеттенмелерди кабыл алуудан каражаттардын түшүүсү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
3) жергиликтүү бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү каражаттар боюнча жана жергиликтүү бюджеттердин ссудаларды төлөөсүнөн каражаттардын түшүүсү:
Дебет "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
4) БКЭ аркылуу салык төлөөчүлөргө түз кирешелерди кайтаруу:
Кредит "Кирешелер (республикалык)" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
5) БКЭ аркылуу аныкталбаган жана жаңылыш түшкөн суммаларды эсепке киргизүү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" КЭК;
6) БКЭ аркылуу жаңылыш түшкөн суммаларды кайтаруу:
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
7) банк аркылуу учурдагы чыгашаларды жүргүзүү:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
8) БКЭ аркылуу финансылык эмес жана финансылык активдерди сатып алуу жана милдеттенмелерди жоюу боюнча чыгашаларды жүргүзүү:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
9) жергиликтүү бюджеттерге трансферттерди которуу:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Кредит "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
10) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттерди которуу жана казына аралык тапшырма менен республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнөн КНСтин ордун толтуруу:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Кредит "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК.
12. Аймактык бөлүмдөр аркылуу жүзөгө ашырылуучу киреше жана чыгаша операцияларынын типтүү бухгалтердик жазуулары.
1) БКЭ аркылуу учурдагы кирешелердин түшүүсү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер" КЭК;
2) казына аралык тапшырмалар боюнча учурдагы кирешелердин түшүүсү:
Дебет "Которуу (АБ-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер" КЭК;
3) республикалык бюджеттен трансферттердин түшүүсү:
- жергиликтүү бюджеттерге:
Дебет "Которуу (АБ-БК) - Б";
Кредит "Жергиликтүү (бөлүштүрүлбөгөн)" КЭК;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна:
Дебет "Которуу (АБ- БК) - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер (ММКФ) КЭК";
Дебет "Кирешелер (ММКФ) КЭК";
Кредит "ММКФнын негизги эсеби" КЭК;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна түшкөн трансферттер:
Дебет "Которуу (АБ- БК) - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер (Соцфонд) КЭК";
Дебет "Кирешелер (Соцфонд) КЭК";
Кредит "Соцфонддун негизги эсеби" КЭК;
4) ички казыналык тапшырмалар боюнча учурдагы кирешелердин түшүүсү:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Соцфонд (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК;
Кредит "Кирешелер" КЭК;
5) ашыкча төлөнгөн жана жаңылыш эсепке киргизилген кирешелерди кайтаруу:
- БКЭ аркылуу:
Кредит "Кирешелер" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- казына аралык тапшырмалар боюнча:
Кредит "Кирешелер" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-АБ) - Б" КЭК;
6) кирешелер белгиленген ченемдик жол-жоболор боюнча бөлүштүрүлгөндөн кийин казына аралык жана ички казыналык тапшырмалар аркылуу автоматташтырылган системада бөлүнөт жана которулат:
Дебет "Кирешелер" КЭК;
Кредит "Республикалык бюджеттин кирешелери" КЭК, "Шаардык бюджеттин кирешелери" КЭК, "Райондук бюджеттин кирешелери" КЭК, "Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери" КЭК;
Дебет "Республикалык бюджеттин кирешелери" КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-БК) - Б";
Дебет "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Дебет "Шаардык бюджеттин кирешелери" КЭК;
Кредит "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн (Шаардык бюджеттин негизги эсеби)" КЭК, "Которуу (АБ-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Райондук бюджеттин кирешелери" КЭК;
Кредит "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" (Райондук бюджеттин негизги эсеби)" КЭК;
Дебет "Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери" КЭК;
Кредит "Жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" (Айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсеби") КЭК;
7) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна учурдагы кирешелердин түшүүсү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер (ММКФ)" КЭК;
Дебет "Кирешелер (ММКФ)" КЭК;
Кредит "ММКФ негизги эсеби" КЭК;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна учурдагы кирешелердин түшүүсү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер (Соцфонд) "КЭК;
Дебет "Кирешелер (Соцфонд) "КЭК;
Кредит "Соцфонддун негизги эсеби" КЭК;
9) бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине кирешелердин түшүүсү:
- БКЭ аркылуу:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
Кредит "Убактылуу (БК-АБ) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Кредит "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК;
- казына аралык тапшырмалар боюнча:
Дебет "Которуу (АБ-АБ) - С" КЭК;
Кредит "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК;
- ички казыналык тапшырмалар боюнча:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК, "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК, "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" КЭК, "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФнын атайын каражаттары)" КЭК;
Кредит "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК;
10) аныкталбаган суммаларды эсепке киргизүү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" КЭК;
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - С" КЭК;
11) БКЭ аркылуу жаңылыш түшкөн каражаттарды кайтаруу:
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - С" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
12) бюджеттин кирешесине такталган суммаларды чегерүү:
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" ("минус" белгиси менен) КЭК, "Аныкталбаган суммалардын эсеби - С" ("минус" белгиси менен);
Кредит "Кирешелер" КЭК, "Кирешелер (ММКФ)" КЭК, "Кирешелер (Соцфонд)" КЭК, "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ атайын каражаттары)" КЭК;
13) жаңылыш чегерилген суммаларды казына аралык тапшырма менен багыты боюнча которуу:
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - Б" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "Аныкталбаган суммалардын эсеби - С" ("минус" белгиси менен) КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-АБ) - С" КЭК;
14) БКЭ аркылуу финансылык эмес жана финансылык активдерди сатуудан жана милдеттенмелерди кабыл алуудан каражаттардын түшүүсү:
- республикалык бюджет:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - республикалык)" КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
- жергиликтүү бюджет:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - жергиликтүү)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (түшүүлөр - жергиликтүү)" КЭК;
Кредит "Жергиликтүү (бөлүштүрүлбөгөн)" КЭК;
15) БКЭ аркылуу бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине финансылык эмес жана финансылык активдерди сатуудан жана милдеттенмелерди кабыл алуудан каражаттардын түшүүсү:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ атайын каражаттары)" КЭК;
16) БКЭ аркылуу учурдагы чыгашаларды жүргүзүү:
- республикалык бюджет:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Кредит "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Которуу (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- жергиликтүү бюджет:
Дебет "Жергиликтүү (бөлүштүрүлбөгөн)" КЭК;
Кредит "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Дебет "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- ММКФнын бюджети:
Дебет "ММКФнын негизги эсеби" КЭК;
Кредит "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Дебет "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК";
- Соцфонддун бюджети:
Дебет "Соцфонддун негизги эсеби" КЭК;
Кредит "Соцфонд (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
Дебет "Соцфонд (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
17) БКЭ аркылуу финансылык эмес жана финансылык активдерди сатып алуу жана милдеттенмелерди жабуу боюнча чыгашаларды жүргүзүү:
- республикалык бюджет:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
Кредит "Которуу (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Которуу (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- жергиликтүү бюджет:
Дебет "Жергиликтүү (бөлүштүрүлбөгөн)" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- ММКФнын бюджети;
Дебет "ММКФнын негизги эсеби" КЭК;
Кредит "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" КЭК;
Дебет "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
18) казына аралык тапшырмалар боюнча учурдагы чыгашаларды жүргүзүү:
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-АБ) - Б" КЭК;
19) жергиликтүү бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү каражаттар боюнча жана республикалык бюджетке жергиликтүү бюджеттердин ссудаларды төлөөcүнөн каражаттарды которуу:
Дебет "Жергиликтүү (бөлүштүрүлбөгөн)" КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-БК) - Б" КЭК;
20) БКЭ аркылуу учурдагы финансылык жылдын чыгашаларын кайтаруу:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Дебет "Республикалык (бөлүштүрүлгөн) ("минус" белгиси менен) КЭК, "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" ("минус" белгиси менен) КЭК, "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" ("минус" белгиси менен) КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" ("минус" белгиси менен") КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" ("минус" белгиси менен) КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" ("минус" белгиси менен) КЭК;
21) БКЭ аркылуу мурдагы жылдардын чыгашаларын кайтаруу:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - Б" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - Б" КЭК;
Кредит "Кирешелер (тийиштүү бюджеттин)" КЭК;
22) атайын каражаттар боюнча чыгашаларды жүргүзүү:
- БКЭ аркылуу:
Дебет "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ атайын каражаттары)" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
- казына аралык тапшырмалар боюнча:
Дебет "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ атайын каражаттары)" КЭК;
Кредит "Которуу (АБ-АБ) - С" КЭК;
23) банк аркылуу бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине учурдагы финансылык жылдын чыгашаларын кайтаруу:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Дебет "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" ("минус" белгиси менен) КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" ("минус" белгиси менен) КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" ("минус" белгиси менен)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" ("минус" белгиси менен) КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" ("минус" белгиси менен") КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ атайын каражаттары)" ("минус" белгиси менен) КЭК;
24) БКЭ аркылуу бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине мурдагы жылдардын чыгашаларын кайтаруу:
Дебет "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК;
Кредит "Убактылуу БКЭ (БК-АБ) - С" КЭК;
Дебет "Убактылуу БКЭ (АБ-БК) - С" КЭК;
Кредит "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК;
25) накталай акча каражаттарын бюджеттик каражаттарды алуучулардын карта эсептерине которуу:
- бюджеттик каражаттар боюнча:
Дебет "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Республикалык (бөлүштүрүлгөн) КЭК, "ММКФ (бөлүштүрүлгөн)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ)" КЭК;
Кредит "Накталай эсептер (БМ-АБ) - Б" КЭК (дебеттик жазуулар киргизилбейт);
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттар боюнча:
Дебет "Атайын каражаттар (республикалык - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (жергиликтүү - учурдагы)" КЭК, "Атайын каражаттар (ММКФ - учурдагы)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү атайын каражаттар)" КЭК, "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (ММКФ атайын каражаттары)" КЭК.
Кредит "Накталай эсептер (БМ-КРБ) - С" КЭК (дебеттик жазуулар киргизилбейт);
26) каражаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан БКЭден андан ары алуу менен бюджеттик мекемелердин бюджеттик каражаттарды алуучунун карта эсебинен алуусу:
- бюджеттик каражаттар боюнча:
Дебет "Накталай эсептер (БМ-БК) - Б" КЭК (кредиттик жазуулар киргизилбейт);
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - Б" КЭК;
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттар боюнча:
Дебет "Накталай эсептер (БМ-БК) - С" КЭК (кредиттик жазуулар киргизилбейт);
Кредит "КР УБдун негизги эсеби - С" КЭК.