Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 43
Кара-Тейит айылынын тургуну Исмайылов Мурзакан Баридиновичтин жеке менчик жерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Жекенди айылдык кенешинин Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылынын тургуну Исмайылов Мурзакан Баридиновичтин жеке менчигиндеги жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылынын тургуну Исмайылов Мурзакан Баридиновичтин 5-07-03-1003-0184 кодду менен катталган жеке менчиктеги 0,03 м.кв жер аянты өзүнүн арызынын негизинде Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |