Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 45
Жекенди айылдык аймагынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы, жергиликтүү демилгелерди жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалыкжактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында, айыл өкмөтү жергиликтүү демилгелерди тандоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө бекитилген Жобонун алкагында сынак өткөргөн.
Сынактын жыйынтыгында «Дени сак жашоо» долбоору жеңүүчү деп табылып, Өнүктүрүү саясат институтунан дем берүү иретинде 52500 (элүү эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө кошумча каржылоого ээ болгон. Ушуга байланыштуу, сессияны угуп жана талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Өнүктүрүү саясаты институту менен гранттык макулдашууну түзүүнүн жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүүчү) катары берилген гранттын суммасы 52500 (элүү эки миң беш жүз) сом Жекенди айыл аймагынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше бөлүгү 52500 (элүү эки миң беш жүз) сомго, чыгаша бөлүгү 52500 (элүү эки миң беш жүз) сомго өзгөртүлсүн
2.Ушул токтомдун негизинде Жекенди айыл аймагынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү кыргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы С.Маматовго жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык бюджет боюнча туруктуу өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана ясынын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |