Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 49
Кыргыз Республикасында Кезектеги IV Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу жөнүндө.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координициялоо жана уюштуруу маселелери тууралуу сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айылдык аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү күнү 1-ноябрь 2025-жылы саат 10-00 гө Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин жыйындар залында өтүлө тургандыгы белгиленсин.
2.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын жалпы саны айыл аймактын жашоочуларынын санына жараша жалпы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-айыл аймак боюнча 50 өкүл
Айылдарга бөлүнүшү боюнча:
-Кара-Мык айылына - 20 өкүл
-Кара-Тейит айылына - 9 өкүл
-Жекенди айылына -10 өкүл
-Чулук айылына - 5 өкүл
-Шибээ айылына - 6 өкүл
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Садыбакасов Үсөнгө жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |