Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги он биринчи сессиясы
2025-жылдын 12-декабры № 56
Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон 170900 сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджет кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы, токтом кылат:
1.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон 170900 сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө.
2.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү 1 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |