Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 41
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын, III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосунун негизинде, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дө Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2. Ак-Турпак айыл аймагында жашаган калктын санына ылайык (10 001ден 20 000ге чейин), IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 (сексен) өкүл болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү үчүн Ак-Турпак айыл аймагы 15 айылга (аймактык бөлүккө) бөлүнсүн.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жыйындарды өткөрүүгө жооптуулар, өткөрүү графиги жана уюштуруу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө төмөнкү иштерди аткаруу милдеттендирилсин:
- айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соцтармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жашоочуларды кабардар кылуу;
- өкүлчүлүктүү жыйын өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү кабардар кылуу;
- жыйындар өтүүчү жайларды аныктап, тиешелүү техникалык каражаттар, жабдыктар жана шарттар менен камсыз кылуу.
7. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиевге төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- жыйындардын протоколдорун жалпылоо;
- делегаттардын тиешелүү документтерин Уюштуруу комитетине жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин Регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо.
8. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары К.Сейитмуратовго, А.Тешебаевага жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы У.Жумаевге жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Т. Имаров |
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2025-жылдын 13-октябрындагы кезектеги ХII сессиясынын
№ 41 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1. Жумушчу топтун башчысы - айылдык кеңештин төрагасы А.Имаров;
2. Жумушчу топтун катчысы - айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев;
3. Жумушчу топтун мүчөлөрү - айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары К.Сейитмуратов, А.Тешебаева;
- айылдык кеңештин депутаттары;
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - жооптуу катчы У.Жумаев;
- айыл башчылар;
- Ж.Садиров атындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы А.Мурадылов;
- Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси З.Таштемиров.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2025-жылдын 13-октябрындагы кезектеги ХII сессиясынын
№ 41 токтомуна 2-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагынан Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана жооптуулар
№ | Айылдын аталышы | Мөөнөтү | Жыйын өтүүчү жай | Шайла-нуучу өкүл- дөрдүн саны |
Жооптуулар |
1 | Өтүкчү | 18 - 20.10.2025 | Өтүкчү айылы | 3 | А.Тешебаева У.Жумаев Б.Ганыева Г.Садыкова К.Бөкөев |
2 | Кызыл-Коргон | 18 - 20.10.2025 |
Кызыл-Коргон о.м | 4 | |
3 | Кара-Тумшук | 18 - 20.10.2025 | 1 | ||
4 | Ак-Турпак | 18 - 20.10.2025 | Ш.Жээнбаев о.м | 3 |
А.Тешебаева У.Жумаев К.Келдибеков Б.Коргонбаев А.Жарматов |
5 | Чон-Кара | 18 - 20.10.2025 | Чоң-Кара о.м | 2 | |
6 | Токой | 18 - 20.10.2025 | Токой айылы | 1 | |
7 | Калача | 18 - 20.10.2025 | Калача айылы | 1 | |
8 | Чогорок | 18 - 20.10.2025 | Чогорок айылы | 1 | |
9 |
Жаны-Жер, Сары-Камыш, Биримдик |
18 - 20.10.2025 |
Жаны-Жер Маданият үйү |
18
| А.Тешебаева У.Жумаев К.Арзыбаев Д.Кулуева У.Абдикаримов Б.Бурханов А.Урмонов
|
10 |
Мин-Чынар |
18 - 20.10.2025 |
А.Төралиев о.м |
15
|
К.Сейитмуратов У.Жумаев А.Имаров Г.Салиева Г.Джеенбаев М.Жолчуева Б.Сатыбалдиев А.Дыханов
|
11 |
Мин-Чынар-2 |
18 - 20.10.2025 |
Мин-Чынар -2 о.м |
5 | |
12 |
Келечек |
18 - 20.10.2025 |
Келечек айылы |
3 |
К.Сейитмуратов У.Жумаев С.Акматова А.Мамараимов Т.Имаров
|
13 |
Жаш-Тилек |
18 - 20.10.2025 |
Жаш-Тилек о.м |
3 | |
14 |
Жетиген |
18 - 20.10.2025 |
Жетиген айылы |
5 | |
15 |
Өрүк-Зар |
18 - 20.10.2025 |
Өрүк-Зар о.м |
15 | К.Сейитмуратов У.Жумаев М.Ботобеков С.Ахунова К.Бөкөева А.Бөрүбаев Э.Зайилов |
| Жалпы |
|
| 80 |
|