Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы, №13/3
“Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарында жүргүнчүлөрдү ташуучу №49 муниципалдык автобустук каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-1 пунктунун жана Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарында жүргүнчүлөрдү ташуучу №49 муниципалдык автобустук каттамынын жол акысын көтөрүп берүү жөнүндөгү Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын 2025-жылдын 17-ноябрь №01-6/280 сандуу билдирүү катынын жана мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 22-январындагы отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарындагы №49 муниципалдык автобустук каттамынын жол акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
- Кыргыз-Чек, Асан-Чек–Ош багыты боюнча накталай төлөм– 25 (жыйырма беш) сом.
Окуучуларга:
- Кыргыз-Чек, Асан-Чек – Ош багыты боюнча накталай төлөм – 10 (он) сом.
- Накталай эмес (QR-код) аркылуу төлөм: чоңдор үчүн – 20 (жыйырма) сом,
окуучулар үчүн – 7 (жети) сом.
2. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында автобустардын
санын көбөйтүү жана каттамдар арасындагы аралык (интервал) 10 мүнөттөн ашпашын милдеттүү түрдө камсыз кылып, жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгон мезгилде эртең мененки саат 7:00дөн 9:00гө чейин, кечки саат 17:00дөн 19:00гө чейин аралыкты (интервал) 5 мүнөткө чейин кыскартуу менен жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу №49 муниципалдык автобустук каттамынын жетекчисине жүктөлсүн.
3. Шаарга барып окуган окуучуларды окуу мезгилинде ар дайым токтоп
алып кетүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун 3 пунктунун талаптарын аткарбаган айдоочуларга мыйзам
чегинде чара көрүлөрү эскертилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика, мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |