Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 9-февралы № 4
“Миң-Чынар-2” жалпы билим берүү мектебине Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан сунушталган тарыхый белгилүү инсандардын тизмесинин жана “Миң-Чынар-2” жалпы билим берүү мектебинин жамаатынын протоколунун негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 5-февралындагы № 20 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Миң-Чынар-2” жалпы билим берүү мектебине Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссияга белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Т. Имаров |