Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-февралы № 5
2026-жылга Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджети, 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана 2025-жылдын 15-январындагы “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүп, айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү атайын каражатсыз 63643,4 миң сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгү атайын каражатсыз 63643,4 миң сом өлчөмүндө 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2027-жылга киреше жана чыгашалардын болжолдуу долбоору 66604,1 миң сом өлчөмүндө 3-тиркемеге ылайык, 2028-жылга киреше жана чыгашалардын болжолдуу долбоору 69842,1 миң сом өлчөмүндө 4-тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр) жүргүзүлсүн.
5. Чыгашалардын корголгон беренелерге каралган каражаттары штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
6. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджети, 2026-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
7. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2026-жылдын 1-январына карата калган акча каражаты 4985,4 миң сом өлчөмүндө 5-тиркемеге ылайык бекитилип, айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык маселелерди жана айыл кыштактардын инфраструктурасын жогорулатуу максатында курулуш иштерине жумшалсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т. Имаров |
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2026-жылдын 23-февралындагы
кезектеги XVI сессиясынын
№ 5 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин
киреше бөлүмү
№ | Кирешелердин аталышы | Экономикалык статьясы | Сумма |
1 | Салык агенти толоочу киреше салыгы | 11111100 | 18623,3 |
2 | Патеттик негиздеги салык | 11122300 | 1 030,4 |
3 | 2-топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 11311200 | 138,0 |
4 | Короо жанындагы жана бакчалар жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы | 11321100 | 987,0 |
5 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы | 11321300 | 3804,4 |
6 | Аки таш, курулуш куму | 11462340 | 21,0 |
7 | Жогоруда классификацияланбаган дагы башка металлдар (Рояльти) | 11462390 | 455,0 |
8 | Жер казынасын пайдалануу укугун лицензияны кармоо учун акы | 14151200 | 1924,2 |
9 | Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы | 14152100 | 600,0 |
10 | Жайыт ижарасы учун акы | 14152200 | 445,4 |
11 | Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жер ижарасы учун акы | 14152600 | 34536,5 |
12 | Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана сактоого төлөмдөр | 14511400 | 828,2 |
13 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан | 31412110 | 250,0 |
| Жалпы жергиликтуу салыктар |
| 63643,4 |
Ак-Турпак айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2026-жылдын 23-февралындагы
кезектеги XVI сессиясынын
№ 5 токтомуна 2-тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга
чыгашалар бөлүгү
Статья | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Сумма |
| Жалпы: | 63643,4 |
| Бюджеттик каражаттар эсебинен | 63643,4 |
2111 | Эмгек акы | 9523,7 |
2121 | Соц.фондко чегеруу | 1292,0 |
2211 | Сапар чыгымдары | 378,0 |
2212 | Байланыш кызматы | 30,0 |
2214 | Транспорт чыгымдары | 1128,4 |
2215 | Ар турдуу кызматтар сатып алуу | 4946,9 |
2222 | Турдуу матер-ды жана буюмдарды алууга. | 700,0 |
2224 | Комур сатып алуу | 151,2 |
2621 | Союз МСУга мучо акы | 58,2 |
2824 | Резервдик фонд (1%) | 636,4 |
3112 | Машина жана эмеректер | 100,0 |
|
| 18944,8 |
70111 | Айылдык кеңеш бөлүмүнө |
|
2111 | Эмгек акы | 524,7 |
2121 | Соц.фондко чегеруу | 67,1 |
2211 | Сапар чыгымдары | 28,8 |
|
| 620,6 |
| Жайыт комитети | 445,4 |
2215 | Ар түрдүү кызматтар сатып алуу | 445,4 |
| Турак-жай коммуналдык чарба | 43632,6 |
2215 | Ар турдуу кызматтар сатып алуу | 7920,0 |
2222 | Кунумдук керектелуучу эмеректер сатып алуу | 130,0 |
3111 | Имараттар жана курулмалар | 35582,6 |
Ак-Турпак айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев