Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 1
Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2025-жылдагы Баткен шаарынын мэри С.Д.Кулубаевдин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3;6-пункттарына, 48-беренесинин 12-пунктуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн аткарылышы, Баткен шаарынын мэри С.Д.Кулубаевдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаарынын 2025-жылдын жыйынтыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү жана 2026-жылга милдеттери жөнүндө маалымат
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом, буйрук, тескемелеринин, аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтом, буйруктарын турмушка ашыруу максатында бир катар уюштуруучулук-практикалык иштер аткарылды.
Ал эми тармактар боюнча аткарылган иштердин абалы төмөнкүдөй:
Уюштуруу иштери жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы кадр саясаты жөнүндөгү” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгына ылайык 2025-жыл ичинде кадрлардын ички резервин түзүү максатында төрт жолу ачык конкурс өткөрүлүп, административдик муниципалдык кызматынын башкы, улук, кенже топторунун ички резерви толукталды. Тагыраак айтканда башкы кызмат тобунда 1 талапкер, улук кызмат тобунда 2 талапкер, кенже кызмат тобунда 4 талапкер болуп 7 талапкер ички резервке киргизилди. Ошондой эле ички резервден 4 кызматкер бош кызмат орундарына дайындалды.
Муниципалдык кызматкерлердин квалификациялык денгээлин жогорулатуу, карьералык пландоону жүзөгө ашыруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жыл ичинде 22 кызматкер мамлекеттик социалдык заказдын алкагында кыска мөнөттүү окуулардан өткөрүлдү. Ал эми донорлордун каражаттарынын каржылоосундагы кыска мөөнөтүү окууга барган 1 кызматкер, жергиликтүү бюджеттин каржылоосундагы кыска мөөнөттүү окууларга 5 кызматкер, катышып келишти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Кытай Эл Республикасынын кызматташтыгынын негизинде Кытай Эл Республикасынын каржылоосунда 2 кызматкер Кытайга окууга барып келишти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №262 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу” Жарлыгын аткарууга алып, 2025-2026-2027-жылдарга карата түзүлгөн кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планынын негизинде Баткен шаарынын мэриясынын ичинде тендеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде 1 жолу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тендеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде 1 жолу ротациялоо жүргүзүлгөн.
Кызматкерлерге класстык чендер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2025-жыл ичинде 3 кызматкерге класстык чен ыйгарылды. Тагыраак айтканда 2 кенже кызматкерге муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык чени, башкы кызмат тобундагы 1 кызматкерге муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык чени ыйгарылды. 1 кызматкердин чени муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине теңдештирилди.