Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 2
Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын 2025-жылдагы жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34 жана 40- беренелерине , Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен корутундуларына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдагы шаардык Кеңештин төрагасы А.А.Ашировдун аткарган ишмердүүлүгүнө берилген отчёту канаатандыраалык экендиги табылсын. (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги XII
сессиясынын №_____ токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаардык Кеңешинин 8 чакырылышындагы депутаттардын ишмерүүлүгүнүн биринчи жылы жыйынтыкталды.
Шаардык Кеңеш КРнын нормативдик актыларына жана Регламентине ылайык ар бир жыл үчүн иш план бекитет. Иш планга КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамында жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарга берилген жергиликтүү маанидеги маселелер толугу менен камтылып, киргизилет. Иш планга ылайык 2026-жыл ичинде 9 пландуу кезектүү, 2 кезексиз сессия өтүлүп, 122 токтом кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдор негизинен укуктук ченемдик актыларга ылайык, Баткен шаарынын ар тараптуу өсүп өнүгүүсүнө, инфраструктурасын жакшыртууга, башкы планына ылайык архитектуралык обьлигин жакшыртуу, билим берүгө, маданиятты жакшыртууга, транспортту камсыздоого, коммуналдык чарбалардын техникалык базасын чыңдоого, ичүүчү таза суу менен шаар калкын камсыз кылууга, жалпы пайдалануудагы коомдук жаларды жакшыртуу жана жарыктандырууга, жаштарды жана спортчуларды колдоого, калкытын аярлуу катмарын колдоого, мүмкүнчүлүгү чектелген аярлуу катмардын колдоого алуу жана массалык маданий иш чараларды өткөрүүгө жалпылап айтканда жергиликтүү маанидеги 24 маселелерди чечүүгө арналган. Аларды тармактарга бөлө турган болсок:
Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши:
Шаардык Кеңештин кабыл алынган токтомдору КР 2009-жылдын 20-июльдагы “КР ченемдик укутук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамына жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык, нормативдик актыларын каттоого алуу жол-жобосу жасалат. Жобого ылайык сессия өткөн күндөн тартып 10 жумушчу күн аралыгында сессиянын протоколдору даярдалып, токтомдор төрага тарабынан бекитилгенден кийин шаар калкына расмий сайт аркылуу жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилет. Юстицияга кагаз түрүндө 2 нускамада жана электрондук вариантта каттоого жөнөтүлөт.
Токтомдор КР нормативдик актыларында көрсөтүлгөн тартипте жана стилде жазылып даярдалат. Токтомдор негизинен шаарды социалдык жактан өсүп өнүктүрүүгө багытталат: өнүгүү программалары, иш пландар жана иш чараларды бекитүүгө, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу жана башкарууга, жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүүгө жана аткарууга арналган.
Шаарды өнүктүрүүгө багытталган программа, иш –чаралардан сыркары, шаардын жергиликтүү жамаатынын курултайын өткөрүү жана элдик курултайга делегат шайлоосун уюштуруп, шаардын активдери менен жер-жерлерде жолугушууларды уюуштурдук. Бул жолугушууларда жер-жерлердеги, негизги көйгөйлөрдөн сырт болуп жаткан көйгөйлөр менен да таанышып, иш чаралар түзүлдү. Көйгөйлөрдүн, жыл ичинде аткарууга тийиш болгон орчундууларын 2026-жылдын иш-чараларына киргизүүгө аракет жасадык.
Шаардык Кеңештин кабыл алган чечимдери, уюштуруу иштери расмий сайтта, социалдык түйүндөрдө, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып калкка жеткирилип келет. Расмий сайтта сессиялардын чечимдери, Кеңештин иши жөнүндө Жобо, отчёттор, Регламент, иш пландар, Баткен шаарынын Ардактуу атуулдары, шааррдык Кенештин депутатты чакырылыштары менен жайгаштырылган. Баткен шаарынын Жаш Кеменгери наамынын ээлерине жана Мыкты өспүрүмдөр бир баракча, шаардын өзүнүн гербинин, желектеринин авторлорун кошо жайгаштыруу пландалган, Мындан тыш, шаардык Кеңештин 1чакырылышынан 7 чакырылышына чейинки аралыкта Кеңеш тарабынан жүргүзүлүп келген иш чараларды, сессиялардын жүрүшүн атайын экрандан ролик катары берип туруу жагы колго алынып даярдалып жатат.
Баткен шаардык Кеңеши 31 депутаттан жана аппараттык кызматкерлерден турат. 31 депутаттын чакырылыш башынан бери карай 5 депутатыбыз өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазышып, алардын орду толукталып турулду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги максаты-ар бир Баткен шаарынын тургунун жашоо деңгээлин көтөрүү жана сапатын жакшыртуу. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардын аймагында иштеп жаткан турмуш-тиричилик обьектилердин ишинде туруктуулукту, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүлдү.
Туруктуу депутаттык комиссиялардын ишин талдап, алардын отчётторун карап чыккандан кийин Кеңештин оперативдүүлүгү жөнүндө ишенимдүүлүк менен айтууга болот. Чындыгында шаардын аткаруу органдарынын бир дагы сунушу көңүл сыртында калган жок, шаарды өнүктүрүүнүн ишине керектүү чечимдерди тез арада кабыл алуу үчүн сессиянын отурумуна чейин эле комиссиялардын кезексиз жыйындарын өткөрүү зарыл болду. Депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укутарын ишке ашырууга, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууга, жарандарды кабыл алууну уюштурууга, шайлоочулардын, эмгек жамааттарын жана коомдук уюмдардын алдында отчётторду жүргүзүүгө жардам берүү жагынан шайлоочулардын добуш берүү мезгилинде айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин турмушка ашыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Баяндамалар, ошондой эле Кеңештин сессиясында депутаттар айтылган сунуштар жана сын-пикирлер менен кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.
Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу үчүн;
Баткен шаардык Кеңешинин аппараты 2024-жылдын 7-февралдагы №52 “Пилоттук режимде аадмистративдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюуштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык 1 саясий муниципалдык кызмат оруну (төрага), 1 башкы муниципалдык кызмат бирдиги жана 2 тейлөөчү кызматкерлер эмгектенип жатышат.
Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү “Санариптештирүүгө” 2021-жылдын январь айынан баштап өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө шаардык Кеңештин ички буйруктары, кирүү жана чыгуу каттары, кадр кызматынын “E” кызматы 2021-жылдан бери карай жүргүзүлүп келет. Буйруктар, иш сапары, буйруктары толугу менен электрондук жүргүзүүгө өткөрүлдү.
Кеңештин аппаратынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин адистери, Кеңештердин иштерин координациялаган агенттиктер менен иш алып барышат.
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун мамлекеттик жана коомдук органдары, эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, ишканалар (бирикмелер), уюмдар, мекемелер жана жарандар менен бирдикте, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык эл аралык мамилелерде Кеңештин атынан чыгып, шаардык кеңештин депутаттарынын активдүүлүк иш-аракети улантылып келет.