Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 6
Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндөгү аянты 220 м2 жер тилкесин ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн (унаа оңдоочу жай) жеке ишкерге түз берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана “Баткен шаарында муниципалдык менчиктин жерлерин берүүнүн тартиби” жөнүндөгү 2018-жылдагы Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун, Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-январындагы №01-12/380 катынын, шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 12-февралындагы корутундусунун негизинде Баткен ш аардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндөгү аянты 220 м2 жер тилкесин ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн (унаа оңдоочу жай) жеке ишкерге түз берүүгө макулдук берилсин
2. Аталган жер тилкесин жеке ишкерге түз берүү келишим түзүү менен берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |