Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 7
Баткен шаарынын М.Нургазыев жана Сайдиман Ажы көчөлөрүнө иретсиз токтогон автомобилдер үчүн “токтоого тыюу салуу” жана “эвакуатор” белгилерин коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-берененин 12;17 пункттарына, 34-беренесинин 5-пунктунун 1; 5-пунктарына жана “Баткен шаарынын М.Нургазыев жана Сайдиман Ажы көчөлөрүнө” тыюу салуу белгисин орнотуу жөнүндөгү, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 25-декабрындагы №01-01/383 катынын, шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 12-февралындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын М.Нургазыев жана Сайдиман Ажы көчөлөрүнө иретсиз токтогон автомобилдер үчүн “токтоого тыюу салуу” жана “эвакуатор” белгисин коюуга макулдук берилсин
2.Аталган көчөлөргө коюулучу белгилер стандарттык тартипке дал келүүсү эскертилсин
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |