Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 8
Баткен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктин жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы ирригациялык суу каналдарын Баткен райондук суу чарба башкармасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 2002-жылдын 15-марты № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын19-статья. “Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы” бөлүгүнүн, Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 13-февралындагы №01-826 катынын, жалпы талкуунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктин жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы 1-2-катардагы ирригациялык суу каналдарын Баткен райондук суу чарба башкармасына тиркемеге ылайык өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. №1 тиркеме
2. Баткен райондук суу чарба башкармасына тиркемеге ылайык өткөрүп берүүнү жүгүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /С.Кулубаев/ тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |
|
|
|
|
|
| Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын № 8 токтомуна тиркеме | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баткен шаары боюнча СПАнын карамагындагы,муниципалдык менчиктеги жана ээси жок ирригациялык 1-2-катардагы каналдарынын реестри | |||||||||
| |||||||||
Объектилердин аталышы жайгашкан жери (район, а/а, айыл) | Объекти-лердин түрү (тиби) | Узундугу (км) | Туурасы (м) | Суу өткөрүмдүүлүгү (м3/с) | Эксплуатацияга берилген жылы | Менчик ээси (мамлекеттик, муниципалдык, СПА, ээси жок) | Укук тастыктоочу же укук күбөлөндүрүүчү документтери | Баланстык таандыгы (БСЧБ, РСЧБ, А/Ө, СПА, ээси жок) | Эскертме |
Баткен шаары | |||||||||
2-ирээттеги ички чарбылык каналдар | |||||||||
Р-6-1 каналы Баткен шаары | Бетон канал | 2,7 | 3 | 1,5 | 1972 | ээси жок | Жок | ээси жок |
|
Р-2 квартал Кызыл-Жол | жер канал | 1,5 | 1,2 | 0,7 | 1971 | ээси жок | Жок | ээси жок |
|
У-2 (мазар асты)квартал Кызыл-Жол | жер канал | 0,5 | 0,8 | 0,3 | 1971 | ээси жок | Жок | ээси жок |
|
Отвод "Гуур" квартал Кызыл-Жол | жер канал | 1 | 0,8 | 0,3 | 1971 | ээси жок | Жок | ээси жок |
|
К-4 квартал Кызыл-Жол | жер канал | 1,5 | 1 | 0,6 | 1971 | ээси жок | Жок | ээси жок |
|
Аэропорт каналы Баткен шаары | лоток | 2,64 | 0,98 | 0,2 | 1973 | Базар-Башы -Баткен СПАсы | Жок | СПА |
|
жер канал | 0,503 | 1,2 | 0,2 | Базар-Башы -Баткен СПАсы |
| ||||
Р-4 СТ каналы Баткен шаары | лоток | 1,215 | 2 | 0,07 | 1980 | Базар-Башы -Баткен СПАсы | Жок | СПА |
|
Баткен шаары боюнча |
| 11,6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|