Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 9
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнүн №42/1 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балансында турган, №8-01-01-002-1624 идентификациялык коду менен катталган 47,5 м2 жер аянтындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын мурдагы имаратын муниципалдык менчике кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 6-статьясына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктчасына, 34-беренесинин 5-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 23-июндагы №01-12/169 буйругунун, Баткен шаар мэриясынын 2026-жылдын 17-февралындагы кызматтык сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнүн №42/1 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балансында турган, №8-01-01-002-1624 идентификациялык коду менен катталган 47,5 м2 жер аянтындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын мурдагы имаратын Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин
2. Аталган имаратты муниципалдык менчикке өткөрүп алуунун жол-жоболорун жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэри С.Кулубаевге тапшырылсын
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |