Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 01-06/03
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Раяна-Боз” балдар бакчасынын аталышын “Мурас” балдар бакчасы деп өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Раяна-Боз” балдар бакчасынын аталышын “Мурас” балдар бакчасы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |