Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 01-06/04
2026-жылга жайыттарды пайдалануу боюнча планды бекитүү жөнүндө
Жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын 2026-жылга жайыттарды пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Насиров бекитилген пландын аткарылышын камсыз кылсын жана жыл ичинде пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты даярдасын.
3. КР “Жайыттар жөнүндөгү” 26-январь 2009-жылдагы №30 мыйзамынын 2,3-1,10 беренелерине ылайык, КР Өкмөтүнүн жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берууну жонго салуу максатында КР Өкмөтүнүн 2013-жыл 13-сентябрь №515 токтому жана Министрлер Кабинетинин №735 токтому менен колдонууга алынсын жана ушул токтом менен бекитилген типтүү ЖОБОдо көрсөтүлгөн келишим менен түздөн-түз келишим түзүү укугу “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасына ыйгарылсын.
4. Үч-Коргон айыл аймагынан тышкары жайыт пайдалануучу жарандарынан 2 эсе жайыт акы белгиленсин.
5. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эсебинде калуучу 3/1 эсе жайыт акы кайра жайыт инфраструктурасы оңдого өткөзүп берилсин.
6. Жайыттардын чек араларын белгилоо, жайыт акы чогултуу боюнча иш чаралардын баары “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
7. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө киретУшул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Насировго жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |
Бекитемин Макулдашылды
Yч-Коргон Айылдык Кенешинин Yч-Коргон айыл
төрагасы: өкмөтүнүн башчысы:
______________Б.Бердибеков _____________А.Ж.Насиров
“____”__________2026-ж “_____”________2026-ж
Баткен облуса Кадамжай району Yч-Коргон жайыт комитетинин 2026-жылга карата бекитилген бюджети.
№ | Малдын туру | Малдын саны | Которуу коэфиценты | Шарттуу Мал башы | Жайыт акысы | Баардык сумма |
1 | Чон бодо мол | 319 | 1,0 | 319 | 500 | 159500 |
2 | Жаш бодо мал | 124 | 0,7 | 93,8 | 200 | 24800 |
3 | Кой эчки | 4260 | 0,2 | 972 | 50 | 213000 |
4 | Жылкы | 46 | 1,0 | 46 | 500 | 23000 |
5 | 1 жашке чейинки | 24 | 0,7 | 16,8 | 250 | 6000 |
6 | Топоз | 60 | 1,0 | 60 | 500 | 30000 |
7 | 1 жашка чейинки жаш топостор | 25 | 0,7 | 17,5 | 300 | 7500 |
| Жалпы мал жандыыктардан |
|
|
|
| 463 800 |
Жайыттарга башка максаттарга пайдалануу боюнча:
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому жана Министрлер Кабинетинин №735 токтому менен бекитилген келишимн жана ЖОБО менен жургузулсун 0,01 га жайыт аянты учун 40 сом жайыт акы белгиленсин.Убактылуу мал туруучу жайлар чабандык уйлор короо бастырма тосмолор учун 1 ч.м жайыт аянтына 10 сом белгиленсин.
Жалпы мал жандыктардан | 463 800 |
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан тушуучу киреше | 442 400 |
Жалпы киреша | 906 200 |
№ | Чыгымдардын статьялары | Саны | Ай | 1-айга эмгек акы(сом) | 1-жылдык бардык сумма (сом) |
1. | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 9062 | 108 744 |
2. | Инспектор | 2 | 12 | 13593 | 163 116 |
3. | Соц фонд 17,25 % |
|
|
| 46 896 |
4. | ГСМ |
|
|
| 80 000 |
5. | Жайыт инфраструктурасына |
|
|
| 330 000 |
6. | Ар турду чыгашалары |
|
|
| 177 444 |
| Жалпы |
|
|
| 906 200 |
«Yч-Коргон» Муниципалдык
ишканасынын директору: А.А.Каримов