Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 01-06/08
2026-жылда Кадамжай өнүгүү фондуна сунуш кылынып жаткан “Үч-Коргон Тазалык ишканасына 2 даана таштанды ташуучу машина алуу” долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин II глава 13-беренеси жана XVI глава 78-беренесине таянып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Үч-Коргон Тазалык” ишканасына 2 даана таштанды ташуучу машина алуу үчүн Кадамжай өнүүгү фондуна даярдалгандолбоорго Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Насировго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |