Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 01-06/10
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу № 26 “А.Жомий” атындагы жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 13-майындагы №244 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы жыйналышынын 2025-жылдын 11-апрелинде өткөн №18-3942 протоколунун 5-пунктун, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эмгеги сиңген мамлекеттик, коомдук жана маданият тармагынын ишмерлеринин жана башка көрүнүктүү инсандардын тизмесин карап, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу № 26 “А.Жомий” атындагы жалпы билим берүү мектебинин аталышын Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эмгек сиңирген мамлекеттик ишмер “Чыңгыз Айтматов” ысымын ыйгарып, өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |