Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 01-06/14
“Белес” участкасында 2,0 га жер аянтына социалдык объекттерди курууга жер аянтын багытын өзгөртүүгө которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосун бекитуу туралуу” №169 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин I- глава10-11-беренелерине, II-глава 18-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ” мыйзамынын 7-беренесине негиз, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу “Белес” участкасында 2,0 га жер аянтына социалдык объекттерди курууга жер аянтын багытын өзгөртүүгө которууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |