Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 01-06/15
Үч-Коргон Муниципалдык ишкасынын пайдалануусундагы атайын техникаларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон Муниципалдык ишкасынын пайдалануусундагы атайын техникаларынын тарифтери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |
Үч-Коргон айыл кенешинин 2026 –жылдын ___- № ____ токтомуна
№1 тиркеме
№ | Атайын техникалардын аталышы | Мото/саат | Тарифи сом менен | Кошумча куюлучу майы. (жолдун жакын узактыгына карап белгиленет) |
1. | Автогрейдер Дз-98В9м2 | 1 | 3000 сом | 20л-50л |
2. | Трактор Беларус 82,1 | 1 | 2200 сом | 10л-30л |
3. | SHANTUI 388-2 | 1 | 2200 сом | 10л-30л |
Катчы: Д.Ахунова