Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он үчүнчү сессиясы
2026-жылдын 20-февралы № 11
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймактын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы З. Жарматовдун баяндамсын угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймактын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөткө өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди өз убагында мыйзам чегинде чечүү жана бюджетти тиешелүү багытта максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
3. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |