Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVI-сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 61

Жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин жылдык планын жана жайыт жерлерди пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

       Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин жетекчиси  Ж.Исмаиловдун жайыт жерлердин пайдалануу укугу үчүн төлөмдөр жөнүндөгү маалыматын  кезектеги сессияда  угуп жана талкуулап Мады айылдык кенеши

 

                                                 ТОКТОМ    КЫЛАТ:

     1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесиинин жетекчиси Ж.Исмаиловдун маалыматы эске алынсын.

     2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлерди пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү  төмөндөгүдөй бекитилсин:

 Жайыт жерлерди пайдалануунун  укугу үчүн акынын өлчөмү

 

  • Жылкы, ири мүйүздүү мал бир башка -  200 сом
  • Кулун, торпок, жаш бодо малдарга бир башка -140 сом
  • Майда жандыктарга бир башка – 50 сом

Башка жактан келген жандыктарга

 

·         Жылкы, ири мүйүздүү мал бир башка – 400 сом

·         Кулун, торпок, жаш бодо малдарга бир башка – 280 сом

·         Майда жандыктарга бир башка – 100 сом болуп бекитилсин.

     3. Жайыттарды  сарамжалдуу  пайдалануу жана жайыттан өндүрүлгөн жайыт төлөмдөрүн киреше бөлүгүнө кошумча  булактарды таап,   жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн көтөрүү жагы   жайыт комитетинин жетекчиси  Ж.Исмаиловго жүктөлсүн.

     4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы, бюджет жана экономика  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов