МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XVI-сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 66
Тиешелүү аймактын экономикалык өнүүгүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Мады айыл өкмөтүнүн башчысы У.М.Олжобаевдин мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн мал чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бектилсин.
2.Мады айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |
Тиркеме
“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүүгүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу
|
1.Кызматтар
| ||
1.1 | Асыл тукум мал чарбасы менен алектенген жеке чарбаларга ветеринардык кызмат көрсөтүү
| Айыл өкмөтүнүн башчысы |
1.2 | Конкурста жеңип чыккан, асыл тукум малды өстүргөн жеке чарбаларга 20 гектардан кем эмес өлчөмдө жайыттарды пайдаланууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы, жайыт комитетинин төрагасы |
2. Функциялар
| ||
2.1 | Ветеринардык врачты конкурстук негизде кабыл алуу
| Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине чарбаларга акы төлөнүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүүнү киргизүү
| Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.3 | Акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтардын прейскуранттарын иштеп чыгуу жана бекитүү
| Айыл өкмөтүнүн башчысы |
3. Милдеттенмелер
| ||
3.1 | Мал чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн 20 га жайыттын чөптөрүн калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү
| Айыл өкмөтүнүн башчысы |