Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVI-сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 67

 

Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

 

     Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын тиричилик таштандыларды ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу боюнча  жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн иштердин, функциялардын милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мады айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү маанидеги  тиричилик  таштандыларын

чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын  жана  милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мады айыл өкмөтүнүн  башчысы  бекитилген функцияларды  аткаруу,  тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Финансы, бюджет жана экономика

боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага

 

Б.Мадазимов

 

   Тиркеме 

 

Жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча   кызмат көрсөтүүлөрдүн иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси.

 

 

№

Кызматтын/ функциянын/ милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн

жооптуу

 

1.Кызматтар

 

1.1

Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1.2

Курулуш таштандыларын чыгаруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 2. Функциялар

 

2.1 

Айыл аймагын социалддык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин пландаштыруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.2

Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.3

Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.4

ЖӨБдин аткаруу органынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.5

Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.6

ТКК ны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.7

ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөрүп берүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.8

ТККны  чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.9

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүнү тандоо/дайындоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.10

Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

3.Милдеттенмелер

 

3.1

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдуларды сатып алуу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

3.2

Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы