Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 6-марты № 67

Мады- Суу байлыгы  муниципалдык мекемесинин 2023-жылга ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө

                                             

    Мады-Суу байлыгы  муниципалдык мекемесинин 2023-жылга ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү” Мады суу байлыгы” муниципалдык мекемесинин жетекчисинин жана социалдык, маданий , жаштар иштер, спорт жана илим, билим берүү  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛЫТ:

 

1.“Мады     суу     байлыгы”    муниципалдык    мекемесинин     таза    сууга    болгон тарифи төмөндөгүдөй баада бекитилсин:

-        Үйүндө суу түтүгү бар жарандарга – 1500 сом.

-        Көчөдөн ичкендерге – 1 жанга 12 сомдон.

-        Суу эсептегичтерди сыноо иретинде (пилоттук) Жоош жана Учкун айылдарына  коюлсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  айылдык кеңештин “Социалдык, маданий, жаштар иштер, спорт жана илим, билим берүү”  боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Абдыкадыровага жүктөлсүн.

           

 

Төрага

 

Б.Мадазимов