Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 6-марты № 74

Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Асан-Чек  айылындагы Турсунов Зайнабидин атындагы  көчөнү  Каратаев Акбай деп  өзгөртүү  жөнүндө

 

       Мады айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Асан-Чек айылындагы Турсунов Зайнабидин атындагы көчөсүн 2023-жылдын 23-февральда  протоколдун негизинде    Каратаев Акбай деп өзгөртүү   жөнүндөгү арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын  7–беренесин негиз кылып,   Мады айылдык кеңеши  төмөндөгү  көчөнүн атын өзгөртүп, кайрадан ысым берүү максатында

 

                                                           ТОКТОМ   КЫЛАТ:

       1. Мады айыл аймагынын   Асан-Чек айылындагы Турсунов  Зайнабидин атындагы көчөсү өзгөртүлүп, кайрадан Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана Польша мамлекеттинин  баатыры Каратаев Акбайдын  ысымы ыйгарылсын.

       2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Асан-Чек айылындагы Каратаев Акбай  атындагы      көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Каратаев Акбайдын балдарына, жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

     3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

Төрага

 

Б.Мадазимов