Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 70/ХV-29
Акча каражаттарынын эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
“2026-жылдын башына карата акча каражаттарынын эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө" социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн маалымкатын карап чыгып, бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын пикирлерин, депутаттардын сунуштарын эске алып, Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын бөлүштүрүү 13587,0 м.с:
-мунара манипуляторун сатып алуу- 2160,0 м.с;
- бутак майдалагычты алуу - 680,0 м.с;
- Милянфан айылынын Фрунзе көчөсүнүн жолдорун капиталдык оңдоо -4953,4 м.с;
- Киров айылынын көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоо-4093,9 м.с;
-муниципалдык кызматчыларга жана кызматкерлерге дем берүүчү үстөк акылар 50% чейин (2111- 1700,0 миң сом, 2121 – 293,3 миң сом)- 1993,3 м.с;
-Милянфан айылындагы таштанды полигондун тосмосун орнотуу -315,0 м.с;
- мектептер үчүн эмерек сатып алууга (окуучулардын парталары)- 114,0 м.с
- экскаватор сатып алууга - 2423,9 м.с.
2. Атайын каражаттардын эркин калдыгын бөлүштүрүү 769,5 м.с;
- башкаруу аппаратынын бөлүмү 2215-берене-55,2 м.с;
- ТЖЧ бөлүмү 2215-берене-74,4 м.с;
- балдар бакчалары бөлүмү 2218-берене-639,9 миң сом.
3. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |