МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XVII-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 77
Каарман айылындагы аты жок көчөгө Тагаев Беделдин ысымын коюу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын тургуну Беделов Аскардын арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылындагы Жаңы Лаглан чек конушундагы аты жок № 8 көчөгө Тагаев Беделдин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Каарман айылындагы Тагаев Бедел атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Тагаев Беделдин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |