Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-марты № 01-5/65
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелеринин ижара акысынын баштапкы ставкасын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелеринин ижара акысынын баштапкы ставкасын бекитүү жөнүндө 25.02.2026ж. №01-27/106 сандагы каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу косммиссиясынын корутундусун угуп маселени талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде, коммерциялык багытындагы убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлердин жана имараттын бир чарчы метр ( 1м2 ) жер тилкесин айына 60-80 сомго чейин эсептелинсин, (жаӊы ачылган ссооа түйүндөрү 60 сом, ал эми иштеп жаткан соода түйүндөрү 80 сом);
2. Сүлүктү шаарынын ички көчөлөрү, чет жагында жайгашкан жер тилкелерин, коммерциялык багытындагы убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлердин жана имараттын бир чарчы метр ( 1м2 ) жер тилкеси айына 40-50 сомго чейин эсептелсин, (жаӊы ачылган соода түйүндөрү 40 сом, ал эми иштеп жаткан соода түйүндөрү 50 сом);
3. Башка коммерциялык багыттагы жер тилкелери (оюн-зоок, СТО, вулканизация, унаа жуучу жайлар) 1м2 жер тилкеси 15-30 сомго чейин эсептелсин, (жаӊы ишин баштаган ишкерлерге 15 сом, иштеп жаткан ишкерлерге 30 сом)
4. Уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысы 7000-10000 сомдон кем эмес болсун;
5. Чарбалык курулуш, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша №1 тиркемеге ылайык таблицалык формасы бекитилсин;
6. Сезондук соода-сатыктар, көмүр көмүү жана көмүр элгөөчү базалар үчүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер кыска мөөнөткө тооруксуз берүү үчүн №2 тиркемеге ылайык таблицалык формасы бекитилсин жана 1 айдан 1 жылга чейин түз сатуу жолу менен келишим түзүлсүн.
7. Сүлүктү шаарынын аймагында өндүрүш максатында иштетилүүчү жер тилкелери үчүн №3 тиркемеге ылайык таблицалык формасы бекитилсин.
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесининин башчысы С.Калакуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу косммиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Б.Абдуназаров |
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин XII сессиясынын 19.03. 2026-ж. 01-5/65 токтомуна №1-тиркеме
Чарбалык курулуш, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша таблицалык формасы
Баасы: кв.м. (сом кв.м) | 100м2 чейин | 101-300 чейин | 301-500 чейин | 501-1000 чейин | 1000 ден жогору |
Чарбалык курулуш жеке жактарга | 200-250 | 250-300 | 300-500 | 500-800 | 1000-2000 |
Чарбалык курулуш юридикалык жактарга | 100- 1000м2 чейин 2000сом айына | 1000м2-0,5га 5000 сом айына | 1га-3га жогору 8000 сом айына | - | - |
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
| 50-60 | 60-80 | 80-100 | 100-150сом | 0,5га-1га 300-500, 1га-3га 500-700 сом, |
Сүлүктү шаарынын мэриясынын
алдындагы МММ башчысы : С.К. Калакулов
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин XII сессиясынын 19.03. 2026-ж. 01-5/65 токтомуна №2- тиркеме
Сезондук соода-сатыктар, көмүр көмүү жана көмүр элгөөчү базалар үчүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер кыска мөөнөткө тооруксуз берүү үчүн таблицалык формасы
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишиминин мөөнөтү | Ижара акысынын болжолдуу суммасы (сом) |
1 | Дарбыз, коон | 1 ай | 2000 |
2 | Жашылча-жемиштер, гүл сатуу | 1 ай | 1000 |
3 | Газ суу, шербет ж.б. суусундуктар | 1 ай | 1000 |
4 | Балмуздак | 1 ай | 1000 |
5 | Башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары ( веб касса, лотерея сатуу, чөпж.б ) | 1 ай | 1000 |
6 | Көмүр көмүү | 3 айдан-12 айга чейин | 5000 |
7 | Көмүр элгөөчү база | 1 айына | 6000 |
Сүлүктү шаарынын мэриясынын
алдындагы МММ башчысы : С.Калакулов
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин XII сессиясынын 19.03. 2026-ж. 01-5/65 токтомуна №3- тиркеме
Сүлүктү шаарынын аймагында өндүрүш максатында иштетилүүчү жер тилкелери үчүн таблицалык формасы: