Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 71/ХV-29
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзуна мүчөлүк акынын баасын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзуна жергиликтүү калктын санына жараша мүчөлүк акынын баасын кароо боюнча маселени карап чыгып, 2026-жылга карата бекитилген бюджеттин негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айылдык аймагынын жергиликтүү калкынын санына карата жылына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууСоюзуна которулуучу мүчөлүк акы киши башына 5 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |