Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-марты № 01-5/66
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилерин 2026-2027-2028-жылдарга карата менчиктештирүү Программасын жана менчктештирүүгө тийиш болгон объектилердин жана мүлктөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 17.03.2026ж. №01-7/740 жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилерин 2026-2027-2028-жылдарга карата менчиктештирүү Программасын жана менчктештирүүгө тийиш болгон объектилердин тизмесин бекитүүжөнүндөгү 04.03.2026ж. №01-27/123 сандагы каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу косммиссиясынын корутундусун угуп маселени талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5 пунктуна , Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 13 беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | Б.Абдуназаров |
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин XII сессиясынын 19.03. 2026-ж. 01-5/66 токтомуна №1-тиркеме
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги
объектилери менен мүлктөрүн 2026-2027-2028-жылдарга
менчиктештирүү боюнча
ПРОГРАММАСЫ
I. Жалпы Жобо
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык Кодексинин, Турак Жай Кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты.
Менчиктештирүү программасы төмөнкүлөрдү белгилейт:
- менчиктештирүү багытындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарын жана милдеттерин;
- муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнү жана тоорук өткөрүү эрежелерин;
- муниципалдык ишканаларды ирилештирүү тартибин.
Муниципалдык мүлк болуп саналган объектерди классификациялайт:
- менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлк объектилери;
- муниципалдык мүлк макамында, аларды менчиктештирүү чечими чыкканга чейинки муниципалдык объектилер;
- менчиктештирүүгө тыю салынган муниципалдык объектилер.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн келип түшүүчү акча каражаттарынын божомолу.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жараянынын соңунда келип чыгуучу инвестициялык салымдардын божомолу.
Менчиктештирүүгө сунушталуучу муниципалдык мүлктөр менчиктештирүүгө тиешелүү комиссия тарабынан каралып, депутаттардын шаардык кеңешинде бекитилет.
II. Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары.
Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары катары төмөнкүлөр эсептелет:
- шаардын экономикасынын эффектүүлүгүн (өндүрүмдүүлүгүн) жана айрым бир ишканалардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү:
- кыймылсыз мүлктөр базарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү:
- жеке менчик ээлеринин кеңири чөйрөсүн түзүү, кичи жеке ишкердүүлүк үчүн колдоо көрсөтүү:
- конкуренттик продукцияларды өндүрүү үчүн шарттарды түзүү жана муктаждыкка мүмкүнчүлүк болгон же өтө муктаж болгон нерселер үчүн жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү:
- рентабелдүү эмес ишканаларды кармоо үчүн бюджеттик чыгашаларды азайтуу:
- менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды шаардын керектөөсу үчүн бюджеттик чыгашаларды оптимизациялаштыруу үчүн жумшоо.
III. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары.
- Менчиктештирүүнүн усулдары:
- - аукциондо сатуу;
- - конкурста сатуу;
- - кийин сатып алуу шарты менен башкарууга өткөрүү;
- - кийин сатып алуу шарты менен ижарага өткөрүү;
- - чарба жүргүзүүчү субъектилердин уставдык капиталдарына салым катары киргизүү;
- - фондулук биржага баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана сатуу;
- - түз сатуу ыкмасы.
- Жогорудагы ыкмалар боюнча соодага коюлуп, сатылбай калган өзгөчө учурларда түз сатуу усулу колдонулушу мүмкүн.
- Менчиктештирүү ыкмасын тандоо жергиликтүү ыйгарым – укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
- Стратегиялык маанидеги объектер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин уруксаты менен жол жоболоштурулат.
- акысыз өткөрүп берүү