Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-марты № 01-5/67
«Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелеринин, “Ичүүчү суу жөнүндө “ Мыйзамынын 21 беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19.06. 2024ж. №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө Жобонун 18-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2025-жылдын 27-январындагы III сессиясынын №01-5/18 токтому жана токтом менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жокко чыгарылсын
2. «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасы №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин ( монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылган баалардын өлчөмү тиркелет)
3. Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жана суунун көчөлөргө берилүү графигин массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы шаардык «Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору М.Якубовага жана «Сүлүктү - Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Матазимовго жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга жана «Сүлүктү - Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Матазимовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Б.Абдуназаров |
“Белгиленди” Бекитемин Кыргыз Республикасынын Сүлүктү шаардык экономика жана Коммерция Кеңешинин төрагасы министрлигине караштуу ___________ Б. Абдуназаров Монополияга каршы жөнгө салуу 19.03.2026ж.
кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн № 01-5/67 токтомуна тиркеме №1
башчысы __________ М.Исаев
“03.02. 2026ж. Буйрук №1
“Сулукту Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза суу кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа прейскуранты
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Суммасы (сом) |
1. | Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу | 1м3/сом | 16,21 |
“Сүлүктү-Тазасууканал”
МИнын директору: Матазимов О.А
Башкы эсепчи: Курбанов.М
Белгиленди” Бекитемин Кыргыз Республикасынын Сүлүктү шаардык экономика жана Коммерция Кеңешинин төрагасы министрлигине караштуу ___________ Б. Абдуназаров Монополияга каршы жөнгө салуу 19.03.2026ж.
кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн № 01-5/67 токтомуна тиркеме №2
башчысы __________ М.Исаев
“03.02. 2026ж. Буйрук №1
“Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын таза сууну
колдонуу боюнча Прейскуранттык наркы
№ | Кызматтын түрү жана колдонуу нормасы | Өлчөм бирдиги | Суммасы |
1 | Суу эсептегич курал менен 1м3 үчүн таза суунун наркы элге | сом | 10,86 |
2 | Суу эсептегич курал менен бюджеттик мекеме ишканалар үчүн 1м3 таза суунун наркы | сом | 47,73 |
3 | Суу эсептегич курал менен өндүрүштүк мекеме ишканалар үчүн 1м3 суунун наркы | сом | 63,63 |
4 | Суу эсептегич курал менен комерциялык жумуштарга пайдалануулар үчүн 1м3 таза суунун наркы | сом | 63,63 |
“Сүлүктү-Тазасууканал”
МИнын директору: Матазимов О.А
Башкы эсепчи: Курбанов.М