Редакцияот 11.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 11-майы № 83

 Мады айыл өкмөтүнүн аймагында “Мады-Сугат-Суу” Муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 22,27,28-беренелерин жетекчиликке алып, элден түшкөн суроо-талапты эске алып, дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну көздөп жана сугат сууга болгон тиешелүү маселелерди мыйзам чегинде ачык айкын көзөмөлдөө максатында “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерди угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мады айыл өкмөтүнүн алдында “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй  аталсын.

   “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасынын толук аталышы:

     Мамлекеттик тилде: “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасы

     Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Мады-Сугат-Суу”

   “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасынын кыскартылган аталышы:

     Мамлекеттик тилде: “Мады-Сугат-Суу” МИ

     Расмий тилде: МП “Мады-Сугат-Суу”

2. Мады  айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын 30-мартындагы “Мады айыл өкмөтүнүн  аймагында   “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү № 61 буйругу  бекитилсин.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов