Редакцияот 11.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 11-майы № 84

Мады айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Асан-Чек  айылындагы  №33  “III Интернационал” орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө

 

       Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек  айылынын тургуну Сыдыков Акылбектин  2021-жылдын 7-сентябрда жазган арызын жана №33 “III Интернационал” орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин протоколунун негизинде даярдалган  “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 9-беренесин негиз кылып,  Мады айылдык кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Мады айыл  өкмөтүнүн  Асан-Чек  айылындагы  №33 “III Интернационал”  орто мектебинин атын Сыдыков Назир деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. №33  “III Интернационал”  орто  мектебинин атын Сыдыков  Назир деп өзгөртүү боюнча Жогорку органдарга сунуш берүү жагы Кара-Суу  райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3.Бул токтомдун  аткарылышын   көзөмөлгө  алуу   жагы  айылдык  кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевке) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов