МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XVIII-сессиясы
2023-жылдын 11-майы № 85
Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоош айылындагы №26 “Жоош” негизги мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын эл башчысы Кабылов Тынчтыктын 2023-жылдын 31-январда жазган арызын жана Жоош айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун, №26 “Жоош” негизги мектебинин педагогикалык кеңешмесинин протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 9–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылындагы №26 “Жоош” негизги мектебинин атын Намаз уулу Досумбет деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2.№26 “Жоош” негизги мектебинин атын Намаз уулу Досумбет деп өзгөртүү боюнча Жогорку органдарга сунуш берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевке) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |