МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XIX-сессиясы
2023-жылдын 7-июну № 95
Мады айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жана алардын ижара акысы, ижара акынын төлөнүшү жөнүндө
Мады айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жана алардын ижара акысы, ижара акынын төлөнүшү жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповдун берген маалыматын угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповдун берген маалыматы жактырылсын.
2. Ижара төлөмдөр боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповго ижара акыларын өз убагында жана толук өлчөмдө чогултуу боюнча иш чараларды күчөтүү менен жылдын аягына чейин ижара акыларын топтоо боюнча белгиленген пландын аткарылышын толук камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын ижарага алып, анын төлөмдөрүн өз убагында төлөбөй жүргөн ижарачыларга карата мыйзам чегинде чара көрүү жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы У.Олжобаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана жер боюнча туруктуу комиссияларына (К.Темирбаев, Д.Каримовго) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |