МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XIX-сессиясы
2023-жылдын 7-июну № 99
Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чагыр жана Социализм айылдарындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чагыр жана Социализм айылдарынын көчөлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү жана айыл тургундарынын көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү жөнүндөгү арыздарынын жана протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөлөргө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чагыр жана Социализм айылдарындагы аты жок көчөлөргө төмөндөгүдөй ысымдар ыйгарылсын:
Ø Чагыр айылындагы Уркунбай көчөсүн, Мамытов Абдыманап көчөсүн, Жамшитбек
уулу Бабий көчөлөрүн бириктирип, Абылгазиев Нурдин көчөсүнүн башталган аты
жок көчөгө – Султанбек уулу Файзулланын ысымы
Ø Чагыр айылындагы мечиттин капталынан, лотокту бойлоп кеткен көчөнүн каналга
чейинки аралыгын - Момбеков Койчубайдын ысымы
Ø Социализм айылындагы Келечек7 көчөсүнө -Мойдинов Калыбайдын ысымдары
ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон көчөлөргө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган маркумдардын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевке) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |