МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XIX-сессиясы
2023-жылдын 7-июну № 101
Мады айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн, жобосун өзгөртүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн, жобосун өзгөртүү жана тийиштүү иш-кагаздарды даярдоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Олжобаевдин мааламатын угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мады айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн, жобосун жаңыдан өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарды даярдоо ФЭБ башчысы М.Мырзабаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |
Мады айыл өкмөтү мекемесинин
ЖОБОСУ
I. Жалпы жоболор
I.1. «Мады айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары - Айыл өкмөт) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөт кыргыз Республикасынын Конститутциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелет.
I.2. Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеши – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
I.3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдары, Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүугө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
I.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
I.5. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүулүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
· мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын
алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин
жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
· мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүулүк;
· Өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
· Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
· Жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
· Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
· Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.
I.6. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү, мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
I.7. Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы-мекеме
I.8. Айыл өкмөтүнүн толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде:«Мады айыл өкмөтү» мекемеси.
Расмий тилде аталышы: Учреждение «Мады айыл окмоту».
Айыл өкмөтүнүн кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Мады айыл өкмөтү» м-си.
Расмий тилде аталышы: У-е «Мады айыл окмоту».
I.9. Айыл өкмөтүңун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Кара-Суу району, Мады айылдык аймагы, Асанчек айылы, Алимбек уулу Асанбек көчөсү, 17А.
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
II.1. Айыл өкмөтүнүн структурасы, штаттык саны Кыргыз Республикасынын