Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XX-сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 103

Кыргыз-Чек Асан-Чек айылдарындагы №149 маршруттук каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө

 

         Мады айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу №149 маршруттук каттамынын жетекчисинин жол акысын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызын  Мады айылдык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 13-июндагы отурумунун протоколунун негизинде  жана күйүүчү майлардын, унаалардын тетиктик бөлүктөрүнүн кымбаттагандыгын эске алып жол акыларды көтөрүү максатында  Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап

                                        

                                                    ТОКТОМ      КЫЛАТ:

        1. №149 маршруттук каттамынын жетекчисинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү  маалыматы эске алынсын.

        2. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, эрте менен 7-00 дөн 9-00 гө жана кечинде 17-00 дөн 19-00 гө  чейинки  аралыкта  8 минуттук интервал менен жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгон мезгилде маршруттук унаалардын каттамдарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы аталган каттамдын жетекчисине милдеттендирилсин.

        3. Шаарга барып окуган окуучуларга №149 маршруттук каттамдагы  жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын айдоочуларына окуу мезгилинде окуучуларды сөзсүз  түрдө токтоп, алып кетүүсү милдеттендирилсин.

        4. Бул токтомдун 3 пунктундагы шарттарды аткаруудан баш тарткан айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилсин.

        5. №149  маршруттук  каттамынын жол акылары төмөндөгүдөй  тартипте белгиленсин:

            - Кыргыз-Чек, Асан-Чек  айылынан – Ош шаарына чейин -  20 сом

            - Айыл ичинде жүргүнчүлөрдүн жол акысы  - 15 сом

            - Шаарга барып окууган окуучуларга -  10 сом өлчөмүндө жол акылар   бекитилсин.

         6. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика жана финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияларын  ( Ж.Аматов, К.Темирбаевке) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов