Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 24-марты №138
Суу-Башы айыл аймагындагы тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нишанбай уулу Уланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылууда аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Суу-Башы айыл аймагындагы таштандыларды өз убагында алып чыгуу, жок кылуу жана тазалыкты сактоону элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.
Төрага |
К. Шакиров |