Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-марты № 202-т
Жаратылыш объектин – «Кара-Жыгач токою» сейил багын сактоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 235 «Бишкек шаары, Карагачевая көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан объектти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 5-пунктуна, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаары, Карагачевая көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 1,63 гектар (идентификациялык коду 1-03-02-0015-0303) болгон жер тилкесин анда болгон турак эмес жайлары (мындан ары – объекттер) менен Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге менчик укугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында кайра каттоону жүзөгө ашыруу;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
4) өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо;
5) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |