Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 24-марты №140
Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, суу түтүктөрүн тейлөө, оңдоо иштерин каржылоо максатында, элдин пикирин эске алуу менен “Бужум Таза-Суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Амановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн тариф төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
Эсептегич аркылуу:
-үйгө киргизилген- 20 (жыйырма) сом.(1м3 үчүн)
-бюджеттик мекемелер үчүн -25 (жыйырма беш) сом.(1м3 үчүн)
-башка керектөөчүлөр үчүн -25 (жыйырма беш ) сом.(1м3 үчүн)
Үй чарбасын борбордук суу түтүгүнө кошуу- 5000( беш миң) сом (ар бир үйгө)
Калк үчүн – 20(жыйырма) сом (бир адамга айына)
Төрага |
К. Шакиров |