Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 16-марты №105
Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун алкагында чакан долбоорлорду Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун «16» мартындагы 2026-жылдагыпротоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Самаркандек айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
- Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы: 1. Самаркандек айылынын Жайылма участкасындагы балдар бакчасынын курулушу
2. Жаңы-Бак айылындагы кичи футбол аянтчасынын курулушу
-Экономикалык багыттын аталышы:
1. Мөмө-жемиштерди кайра иштетүү
3. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
3.1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн.
3.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
3.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман уулу Тайирбекке жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө Самаркандек айылдык кеңешинин "Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Х.Джусуповго тапшырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: |
Газыбек у.А |