Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 16-марты №107
Самаркандек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2026-жылга пландарын жана жайыт акыларынын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары Ж.Полотовдун жана “Самаркандек-Сервис” мууниципалдык ишканасынын жайыт боюнча бөлүмүнүн башчысы Абдрахманов И. берген маалыматтарын угуп талкуулап чыгып Самаркандек айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл аймагынын “Самаркандек-Сервис” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу бөлүмүнүн 2026-жылга карата жайыт пайдалануу планы бекитилсин.
2. Самаркандек айыл аймагынын “Самаркандек-Сервис” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу бөлүмүнүн 2026-жылга финанасылык планы бекитилсин.
3. Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу “Самаркандек-Сервис” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу бөлүмүнүн 2026-жыл үчүн сметасы бекитилсин.
4. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында 2026-жыл үчүн жайыт пайдалануу акылары бир баш малга бир жылга төлөнүүчү жайыт акынын өлчөмү төмөнкү тартипте белгиленсин:
Кой- эчки 40 сом
Козу-улак 20 сом
Жылкы 200 сом
Кулун 150 сом
Уй (топоз) 150 сом
Торпоктор 100 сом
Түтүн пулу 700 сом
5. Жайыт пайдаланууда жайытка кирген күндөн 15 күнгө чейин пайдалануу бир жыл мөөнөт катары эсептелип төлөнөт.
6. Жайыт пайдалануу акылары жайыт пайдалануучулар тарабынан 2026-жылдын май айынан баштап утурлап төлөнүүсү белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
10. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: |
Газыбек у.А |